Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-сентябры № 3
Акназаров айылдык кенешинин 30-чакырылыштагы депүтаттарынын кезексиз бешинчи сессиясында Этика жана мандат комиссиясынын мүчөлөрүнүн билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактык кенешинин 30-чакырылышынын Таш-Кудук шайлоо округунан шайланып келген депутат Кушубаков Таалай Жузупович жүйөлүү себептерсиз айылдык кенештин жыйналыштарына катары менен төрт жолу келбегендиктен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин, 2-пунктунун, 7-пункутчасынын жана жергиликтүү кенештин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52- беренесинин, 2-пункутунун, 10-пункутчасына ылайык депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Таш-Кудук шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган, шайланган депутаттан кийинки талапкер Мамыров Нуридин Мусаевичти каттоо, ага ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгүтөш белгини тапшыруу Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Этика жана мандат комиссиясынын төрагасы М. Дооронбековго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | К. Жорготаев |