Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2013-жылдын 20-августу № 2-3/23
“Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын №2-3/41 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-июнундагы «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу» жонундогу Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренсинин5-пункутчасына ылайык жана шаардын инфраструктурасын которуу, автоуналардын баш аламандыгын жоюуу, шаар тургундарына ынгайлуу шарт тузуп беруу менен борбордук кочону иретке келтируу максатында Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын №2-3/41 токтому шаардын борбордук кочолорун иретке келтируу максатында жокко чыгарылсын.
2. Баткен-Бужум-Баткен каттамындагы маршуруттук таксилер М.Нургазыев кочосунон туштуктон-тундукко журуучу каттамын озгортуп, С.Садыков кочосунун бутушунон (Р-4 каналындагы копуроодон) М.Салихов кочосуно бурулуп, К.Сабыров кочосу аркылуу кайра М.Нургазыев кочосуно багыт алып чыксын.
3. Шаар аралык маршуруттук таксилердин бригадаларына 2 багыттуу каттамынын токтогондугу эскертилсин жана бир багыттуу каттамдын журушун козомолдоо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Маршуруттук таксилердин бир багыттуу каттамда журуусу шаар элине шаардык «Орук зар» газетасы аркылуу жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагын шаардык Кенештин торагасынын орун басары Х.Айкыновго жүктөлсүн.
Баткен шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Рахматов |