Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2013-жылдын 20-августу № 2-3/16
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы 2013-жылдын 6 ай ичинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарын, Өкмөттүн токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин, ОИИБ-нын талаптарын, көрсөтмөлөрүн, буйруктарын иш жүзүнө ашыруу менен бирге кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, көөмдүк тартипти жана элдин бийлигин сактоодо алгылыктуу иштерди аткарышты.
2013-жылдын 6 ай ичинде ШИИБ-нун КККне 111 (124) арыз даттануулар катталган. 2013-жылдын 6 ай ичинде 24- (23) кылмыш иши тергелип, анын ичинен 20 (18) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 83,3% (78,3%) түзгөн.
Кылмышкерлерди илиүтөө багыты боюнча:
№ | Аталышы | 2012 ж. | 2013 ж | + /- |
1 | Тергелген кылмыштын саны | 23/18=78,3% | 24/20=83,3% | +5,0 |
2 | КИБ багыты боюнча | 12/9=75,0% | 20/17+85,0% | +10,0 |
3 | Белгисиз жагдайда | 12/6=75,0% | 20/17=85,0% | +10,0 |
4 | Озгочо оор кылмыштар | - | 1/1=100% | +100 |
5 | Денеге залал келтируу | - | 1/1=100% | +100 |
6 | Тоноочулук | 3/2=66,7% | 3/2=66,7% | = |
7 | Уурулук | 8/6=75,0% | 14/12=85,7% | +10,7 |
8 | А.и.Батир уурулук | 3/2=66,7% | 6/6=100% | +33,3 |
9 | Мал уурулук | - | 1/1=100 | +100 |
| Опер данным | 5 | 13 | +8 |
КИТ тарабынан отчеттук мезгилде 13 (5) кылмыштын бети ачылган.
2013-жылдын 6 ай ичинде издоодо жургон 11 кылмышкердин ичинен 4 кылмышкер кармалып 36,4% тузду,2012-жылдын 6 ай ичинде 10 кылмышкер издөөдө журуп, анын ичинен 3 кылмышкер кармалып ачылуу пайызы 30,0%тузгон.
Бугунку кундо 8 кылмышкер кылмыш кылып издоодо журот. Анын ичинен 3- 2013-жылы жарыяланган.Издоодо жургон 8 кылмышкердин баш коргоо чарасын айта турган болсок 7 кылмышкер камакка алуу чарасы жана 1 кылмышкер боюнча подписка тандалып алынган.
Тергоо жолу менен 6 айда 1(1) кылмыш иши ачылган .
Онунчу топ багыты боюнча:
Баткен шаарынын аймагында диний экстремистик идеялардын алдын алуу жана конушулаш Республикадагы Исламдык диний кыймылдардын таркалышына жол бербоо максатында шаардын аймагында профилактикалык алдын алуу багытында иш чаралар откорулуп турулган.
Шаар аймагында 6 ай ичинде 5 митинг болуп откон. Митинг тынчтык жолу менен болуп откон. Шаар аймагында улуттар арасында чыр чатактар жок.
Коомдук коопсуздук багыты боюнча:
2013-жылдын 6 ай ичинде шаардын аймагында коомдук жайларда 7 кылмыш катталган. Алардын ичинен кочо кылмыштары 3. коомдук жа йда спирттик ичимдик ичип тартип бузгандар 234 атуул катталып административдик чара корулуп штраф салынган.
ШИИБ-ндо каттоодо бары болуп 72 атуул турат.
-шарттуу турдо соттолгондор -8
-тузотуу мекемесинен моонотунон мурда чыккан атуулдар (УДО) -4
-ок атуучу куралы бар мергенчилер 54.
ПРОф. Каттоодо турган атуулдардын ай сайын туугандары жана жакындары менен ар бирнин оз озунчо ангемелешуулор откорулуп турулат.
Баткен шаарынын аймагындагы жалпы 10-билим беруу мекемелери бар анын ичинен орто мектептер-6, башталгыч мектептер -2, колледж1, гимназия жатак мектеби-1, проф. Лицей -1 жана 1-медресе бар алар менен ички иштер болуму тыгыз иш жургузуп келет. ЖЖОИде жашы жете элек оспуруп окуучулардан проф.каттоодо 11 бала каттоодо турат.
Билим беруу мекемелеринде жаш оспурумдорго 69 жолу ар кандай маанидеги лекциялар окулган.
Шаардагы кылмыштуулуктун алдын алуунун биринчи этабы мектептерден, окуу жайлардан жана мектепке чейинки мектептерден баштоо тарбиянын баштапкы эабы экендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан балдарды туура тарбиялоо менен келечекти куруу планы мектептерден башталат. Мектеп окуучуларына туура тарбия беруу, тарбиялоо системасы этно-педогогиканын негизинде жана «Мектеп окуучуларынын арасында тарбиялык жана патриоттуулук иштерин кучотуу жонундогу» билим беру мекемелери учун тузулгон тарбиялык иштердин комплекстуу планына ылайык жургузулот. Бул багытташаардагы орто мектептерде «Ыймандуулук деген эмне?», «Карынын созун капка сал», «Кыргыз улуттук кийимдери»,«Кыргыздын улуттук оюндары» аттуу темада класстык сааттар, Диспут сабактар, КВН, викториналар жана тегерек столдороткорулуп туррат.Шаардын ар бир мектептеринде окуучунун «Ар намыс Кодекси» иштелип чыгарылып мектеп залдарына чагылдырылган. Ошондой эле шаардын бардык мектептеринде кылымыштуулуктун алдын алуу,СПИДке каршы курошуу жана наркоманиянын алдын алуу максатында «Тамеки–омурго зыян, Наркомания, араккечтик улутту жок кылат», «Кылымыштуулук кылуу озуно каршы турганы» жана «Жыныстык жол аркылуу жугузуучу ооруулар» деген темада класстык жана тарбиялык сааттар откорулуп турат.
2012-жылдын 24-февралында Баткен шаарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары арасында «Оспурумдор арасында кылымыштуулыктун алдын алуу» боюнча жыйын откорулгон жана Мектеп рекети жонундо талкуу жургузулгон.
Мектеп окуучуларына билим тарбия беруунун ар кыл туйшугу тарбия ишинин натыйжасы менен жыйынтыкталган. Аткарылган тарбиялык иштердин натыйжалуулугу катары мектеп окуучуларынын арасында Зордук зобулуксуз 16 кун оноктугун откоруу максатында «Зордук зомулуктун алдын алууга болобу?», «Кылымыш арты окунуч», «Алкоголизм-учур чумасы», «мектеп рекети» деген темада класстык жана тарбиялык сааттар откорулуп турат.Булардан тышкары шаардык ички иштер болумунун жашы жете элек оспурумдор менен иштоо кызматкерлери жана участкалык инспекторлору менен биргеликте айтылган темалар боюнча диспут, суроо–жооптор уюштурулуп откозулуп турат.
2012-жылдын 24-февралында Баткен облусттук драма театрында Баткен шаар мэриясынын,Баткен районунун прокуратурасын, Шаардык ички иштер болумунун, шаардык билим беру болумунун окулдорунун жана Баткен районунун имам – хатибинин катышуусу менен шаардагы орто мектептердин мугалимдер жана окуучулары, ата-энелер жана коомчулуктун катышуусунда жалпы жыйын откорулуп Мектеп рекети жана Кылымыштуулуктун алдын алуу жолдору жана шаар аймагындагы проблемалар талкууга алынган. Булл жыйындын натыйжасы менен 2012-2013-окуу жылдарында мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулк катталбаган.
Мектеп окуучулар арасында кылымыштуулуктун, ар кандай терс корунуштордун алдын алуу максатында мектеп окуучулар арасында сергек жашоону камсыз кылууда мектептерде спорттук ийримдер түзүлгөн жана жыл сайын спорттук мелдештер откорулуп турат.
2012-жылы сентябрь айында шаардык билим беруу болуму менен шаардык ички иштер болумунун оспурумдор арасында кылымыштуулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен иш чаралардын планы тузулуп бекитилген.Бул иш чара шаардын бардык мектептерине жеткирилип мектептерде иш чараны аткаруу максатында профилактикалык кааналар уюштурулуп коопсуздук кенештери тузулгон.Ошондой эле мектептерде ЖЖОИнын (ИДН) кызматкерлери график менен мектептерге барып лекцияларды окуп ангемелешуулорду өткөрүп турат.
Мектеп окуучулардын арасында ар турдуу спорттук мелдештер откорулуп шаардык облустук, Республикалык ар турдуу спорт оюндарга шаардык мектеп окуучулары катышып турат.
2013-жылдын май айында Баткен шаардык билим беруу болуму ИИБ болумунун кызматкерлери менен биргеликте шаардын бардык мектептеринде жогорку кластардын окуучулары, мектеп жамааты менен жалпы ата энелердин чогулуш откорулуп кылымыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер каралган.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык ички иштер болумунун 2013-жылдын 6 айлыгында жургузгон иштери конулго алынып белгиленсин.
2.Баткен шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны бөлтүрбөө максатында, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери коӊүлгө алынсын.
3. Шаардык орто мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу жана анны болтурбоо максатында ар бир квартал сайын шаардык ички иштер болуму менен биргеликте профилактикалык иштер жургузулуп лекциялар уктурулуп туру жагы такай жургузулсун.
4.Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Баткен шаардык Кеӊешинин Мыйзамдуулук, Укук коргоо, чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Рахматов |