Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 16-апрели № 2-3/10
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» 2009-жылдын 26-январындагы №30 Мыйзамын аткаруу максатындагы Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 19-июндагы №386 токтомунун негизинде шаардык Кенештин алдында, 2010-жылдын ноябрь айында шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмеси тузулгон. Ушул тузулгон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жургузугон иштерин карап чыгууда 2012-жылы аткарылган айрым иштердеги кемчиликтер белгиленип талкууланган.
Кыргыз Республикасында агрардык реформа озгоргон мезгилде атуулдарга улуш катары берилип кеткен жайыттар кароосуз, калгандыгына байланыштуу жайыттарды туура пайдалануу максатында «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» тузулгон. Анын максаты- жайыттарды пландуу башкаруу, инфраструктурасын жакшыртуу жайыт пайдалануучуларга керектуу шарт тузуп беруу жана жайыттарды дегразацияга учуратпоо болуп саналат Деги эле жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тузуу максатындагы маселелер, жайлоолордун ээсиз калып, кээ бир жерлерде жайлоолор бузулуп, малчылар каалагандай пайдаланып келгендиктен, «Жайыт пайдалануучулар бирикмесин» тузуунун койгойу келип жаралып олтурат.
Баткен шаарында жайыт пайдалануучулар бирикмеси тузулгон кунунон баштап ишмердуулугун жургузуп келуудо. Шаар аймагындагы жалпы жайыттардын аянты 5026 га барабар.жайыт пайдалануучулар бирикмеси бугунку кундо экономикалык-техникалык базасы жоктугунан оз иштерин мыкты (талаптагыдай) алып кетуу мумкунчулук болбой жатат. Ушул кунго чейин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин озунун иш кабинети жана кызматтык техникасы жок, 3 жыл ичинде 3 жетекчи алмашып олтурат. Жайыттар боюнча башка айыл Окмоттор менен чек аралар талаш тартыш маселелер такталып чечилбей келет. Ушундай эле талаш маселелер райондук токой чарбасы менен да чечиле элек.
2012-жыл ичинде жайыт пайдалануучулар бирикмеси, бирикменин ошол мезгилдеги торагасы И.Сыдыковдун жетекчилиги астында Догмон жайлоосуна 1 мал отучу копуроону АРИС уюмунун колдоосу менен жасашкан. Долбоордун 47101 сому АРИС уюму тарабынан каржыланып ага жамааттан 8000 сом очомундо салым кошулган. Копуроо учун жалпысынан 55101 сом жумшалган. Кык жайлоосуна малдар учун суу ичуучу жайды курууга долбоор менен АРИС тарабынан 153504 сом каржыланып, элдин салымы 7000 сом болсо жалпы 160504 сом керектелип иш толугу менен бутпой жазга чейин токтоп калган. Азыркы кундо 32мм диаметрлуу полистлин шлангасы 90000 сомго 3000 метр сатылып алынган. Пландаштырылган иш жузого ашса суу тутукчо аркылуу келип бетондолгон -ноого куюлат андан ашканы мурда курулган суу колчолорго топтолот.
2012-жылдын эсебинен АРИС уюму тарабынан берилген 250000 сом грант акчага Кык жайлоосуна бара турган жолду тегиздеп сел алган жерлерин туздоп уч даана бетон кольцо орнотулган бул жумушту жеке ишкер откорулгон тендерден утуп алып бутуруп берген жана кийинки жылдары да кээ бир жерлери эгер бузулса ондоп берууго соз берген.
Ал эми 2012-жыл ичинде жайыт пайдалануучулар бирикмеси туздон туз ишмердуулугун аныктоочу корсоткуч башкача айтканда оз милдеттери. Негизги иш планы болуп саналган жайыт пайдалануу учун жайтка чыкан малдар үчүн төмөнкүдөй
Берилген маалмат боюнча жайытка 2012-жыл ичинде;
Бодо мал чону-2557 баш
Жашы-1259 баш
Кой-эчки 13683 баш
Жылкылар 42 баш
Болуп шарттуу башка айландырганда 6217 башты тузсо Х 61,2 = 380722 сом жыйналмак. Бирок 2012-жылы бар болгону 95000 сом нак акча жыйналган. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иштоо тартиби жыйымдарды чогултуучулар чогултулган каражаттын 20% эмгек акысына алышат: 40% жетекчи, кызматкер маянасына алышып, калган 60% жайыттардын инфраструктурасын жайшыртууга жумшалыш керек.
95000 сомдун 50000 сомуна Кык жайлоосуна эки даана суу токтоочу колмок курулган 5000 сом салык инспекциясы жер салыгы (19712 сом – 1га-3,85 сом), калган 40000 сом эмгек акы учун алышкан. Бул жайыт толому 2011-жылга жогору болсо да ото начар талапка ылайык жургузулбогон. Жайытка чыккан малдардын жайыт акысын чогултууну жакшыртуу-бул жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчилигинин бирден-бир милдети.
Жайыт толомун чогултуу менен бирдикте жайыт пайдалануучулардын койгойун чечип шарт тузуп беруу милдети бар экендиги баарыбызга маалым. Аларга керектуу шарт тузуу менен акча чогултууну жакшыртса болот. Ошондо 380722 сомдун ордуна 95000 сом эмес жок дегенде 200,0 сом жыйым жыйналуусуна жетишсе болот.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга карата иш планы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жыйынында бекитилип, жаны торага шайланган. Жыйында жайыттарга малдарды чыгаруунун мооноту алдыдагы кылына турган иштер каралды. Кык жайлоосундагы былтыркы жылы бутпой калган суу топтоочу жайды (5км) анын ичинен 3км. турба алынган), Догмон жайлоосуна куюлма участкасына копуроо куруу, Рават-Жакуп зоонасына жолду сел алуучу сайдан чететтуу жана 3 км аралыктан уч суу жерге суу алып тушуруу пландаштырылды.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бирден бир милдети бул анын биримдиги жана чек араны тактоо болуп саналат. Бул жаатта жайыт пайлануучулар бирикмесинин торагасы ото кылдаттык менен иш алып баруусу талап кылынат. Себеби бугунку кунго чейин Ормузанда ___ конушун, Ак-Шалы, Кара-Бак тарабындагы чектерди, Рават-Жакыпта–Чорго конушун жана ото чон жайлоо болуп саналган алыскы Жиптик жайлоосун Баткен шаарынын башкача айтканда жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагына тактап киргизуу керек.
Элдин мал-жанын осуп онугуусу учун аларга керектүү шарттарды түзүп берүү негизги милдет экендиги талашсыз.
2013-жылга карата мал башын карата эсептик көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду.
Бодо мал чону-2557 баш.
Жашы-1259 баш
Кой-эчки-13683 баш
Жылкы-42 баш
Жалпы малдын башы-6217 баш
Жайыт пайдалануучулар учун 1 баш бодо малга 55,17 сом
Жашына-36,4 сом
Кой-эчкилерге-11,03
Жылкыларга-55,17 сомдон туура келет
Ошондо 2013-жыл учун жайыт төлөмүнүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 342932,94 сом түзүлүүсү күтүлүүдө.
Шаардан башка айыл Өкмөттөрдүн мал жандыктары үчүн көрсөтүлгөн тариф малдын туру боюнча эки эселентип төлөнүүсү белгиленсин.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жүргүзгөн иштери кемчиликтери менен кошо көнүлгө алынсын.
2.2013-жыл учун планы бекитилсин (тиркелет)
3.Жайыт комитетинин 2013-жыл учун планынын аткарылышы боюнча жыл жыйнтыгы менен маалымат уктурулсун.
4.Жайыттардын талаш чектерин тактоо жургузуу учун атайын комиссия тузуп,2013-жылдын июнь айынын аяк ченинде жыйынтыгы боюнча маалымат берүү, жайыт комитетине кызматтык кА бинет менен камсыз кылуу жагы шаар мэриясына (Ж. Жалалов) тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагын шаардык Кеӊештин муниципиалдык менчик, айыл чарба, агрардык, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Акматов) жана муниципиалдык менчик департаментине (А. Мисиралиев) жүктөлсүн.
Баткен шаардык Кеӊешинин төрагасы
|
Э. Рахматов
|