Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 103/XIX-26
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык жана С.С.С.Р. партиясынын депутаты Зарлыков Б.С.нын оорусуна байланыштуу депутаттык жоопкерчиликтен ажыратуу өтүнүч арызын карап чыгып,Кант шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык депутат Зарлыков Б.С. депутаттык ыйгарымдуулугунан ажыратылсын.
2. Бул токтом кийинки катардагы депутаттын ыйгарымдуулугун таануу үчүн Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |