Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 105/XIX-26
Анатолий Петровичке Кант шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө социалдык суроолор, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштардын иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын 2014-жылдын 25-ноябрдагы № 916/01-25 көрсөтмөсүн, БӨСМ 2014-жылдын 24-ноябрдагы көрсөтмсүн карап чыгып анын көп жылдар аралыгында Чүй облусунда гана эмес Кыргыз Республикасы боюнча бирден бир алдыңкы спорт мектебинин директору бөлүп эмгектенгени эске алынылган. БӨСМ дө СССРдин жана Кыргыз Республикасынын 25 спорт чебери даярдалган.
Кениг А.П. шаардын жана райондун коомдук иштерине дайыма активдүү катышкан. 2000-жылдан бери Ысык-Ата районунданы немец улутундагылардын комитетинин төрагасы болуп калктын социалдык-кароосуз катмарына кайрымдуулуугун көрсөтүп келет. 2013-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Коомдук Этника аралык Консультативдик Кеңешинин төрагасы болуп шайланган жана Кант шаардык Кеңешинин депутатыгына шайланылган.
Кениг А.П. Канттагы БӨСМде эмгектенген учурунда бир нече ирет төмөндөгү сыйлыктарга ээ болгон.
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттар Ассамблеясынын Ардак грамотасы;
Андан тышкары Кениг А.П.га төмөнкү наамдар ыйгарылган:
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги;
Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизине ылайык
Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кениг Анатолий Петровичке Кант шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кант шаардык Кеңешинин аппараты аталган токтомго ылайык Кениг А.П. тапшыруу үчүн, грамота жана күбөлүктү даярдоону камсыздасын.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |