КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кант шаардык кеӊеши 19-сессиясы
2014-жылдын 23-декабры № 107/XIX-26
“Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатынын бөлүнүшү жөнүндө”
Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатынын бөлүнүшү тууралуу Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы бюджеттик каражаттан Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн 1515,0 (бир миллион беш жүз он беш миң) сом суммасында бош калган акча каражатынын эсебинен тизмеге ылайык акча каражатын бөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Мамралиев М.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |