Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июлу № 28
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылына бала-бакча ачуу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылына 1-сентябрь 2014-жыл ичинде бала бакча ачуу менен бирге кошумча сметасын түзүү боюнча айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылында бала бакча ачылсын
2. Бала бакча 2 тайпадан түзүлсүн, ар бир тайпада 25(жыйырма беш) баладан бекитилсин, жалпысы 50(элүү) бала менен толукталсын.
3. Ата-энелердин баштапкы төлөмү (род.фонд) 2000(эки миң)сом, ал эми ай сайын ата-энелерден төлөнүүчү төлөм 500(беш жүз) сомдон бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткаруу жагы бөлүм башчысынын у.м.а. А.Бөлөкбаевага тапшырылсын.
5. Токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Үч-Коргон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Курманалиев |