Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № 34
Жийде айылындагы “Жийде” башталгыч мектебинин алгачкы мугалими Таштаналиева Жекеш эжекенин урматына “Жийде ” орто мектебине ысымын ыйгаруу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагынын Жийде айылынын “Жийде ” башталгыч мектебинин алгачкы мугалими Жекеш Таштаналиеванын билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгегин баалап “Жийде” орто мектебине ысымын ыйгарууну талкууга салуу менен Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылдык аймагынын “Жийде” орто мектебине Жекеш Таштаналиеванын ысымы ыйгарылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн мектепке аты коюлган инсандын бир туугандары жана уул-кыздарына жашылдандыруу көрктөндүрүү жана социалдык абалын оңдоо жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Үч-Коргон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Курманалиев |