Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-ноябры № 17/3
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунуш берүү жөнүндө
1941-жылы Кара-Тоо айылында туулган Илиязов Токтомуш, 1969-жылы Арсы айылында туулган Рысалиев Сагынбек учурда элди техника менен тейлешип жылына 200-300 гектарга чейин Кара-Тоо,Чекилдек,Семиз-Бел айылдарынын жана башка коӊшу айыл өкмөттөрүнө чейин барып элдин дан эгиндерин жана чөбүн чаап, элге кызмат көрсөтүшүп келишет. Сөзү менен да, жүрүм-турумдары менен да үлгүлүү болуп, эл арасында кадыр барктуу экендигин эске алып айылдык Кеӊешин төрагасы М.Букамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Тоо айылында туулган Илиязов Токтомуш, Арсы айылында туулган Рысалиев Сагынбектердин талапкерлиги Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлсүн.
Бул токтомду бекитип берүү Райондук Депутаттардын кошмо жыйынына сунушталсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.М. Букамбаев |