Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 9-декабры № 18/2
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевдин 2014-жылы социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31 беренесинин 6 бөлүмүнүн негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2014-жылда жүргүзүлгөн иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевдин отчеттун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2014-жылда аткарылган иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевдин отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2.Айтылган сын-сунуштар боюнча иш чара кабыл алынып, өз убагында аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеӊештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.М. Букамбаев |