Редакцияот 09.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ  

 

Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги  XVIII сессиясы

 

2014-жылдын 9-декабры № 18/8

Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо айылына маданий спорт борборун курууга тендер өткөрүү  үчүн  тендердик  комиссия  түзүү  жөнүндө

Семиз-Бел айыл  аймагынын Кара-Тоо айылына маданий спорт борборун курууга айыл өкмөтүнө келип түшкөн акча каражатына  тендер өткөрүү үчүн Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымованын сунушун  жана Кыргыз Республикасынын « Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 13-статьясына ылайык, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

I.Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылына маданий  спорт борборун курууга тендер өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй курамда тендердик комиссия түзүлсүн.

С.Сыдыгалиев – Тендердик комиссиянын төрагасы - жер турак жай, өзгөчө кырдаалдар  боюнча   башкы адис

Комиссиянын мүчөлөрү:

2. З. Исабаева- Кочкор райондук финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары

3. Ж. Алыбаев - Айылдык Кеӊештин депутаты

4. Т.Айсаналиев- Куруучу, көзөмөлдөөчү

5. Т.Рысбаев- Мамлекеттик сатып алуу боюнча адис  

 

II. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевге милдеттендирилсин.

      

Семиз-Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.М. Букамбаев