НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-январы № X-2
Найман айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы Батыш көчөсүнөн келишимдин негизинде берилген жер аянтын кайтарып алуу жөнүндө.
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер аянтын тактоо жана келишимдин негизинде берилген жерлердин пайдалануу багытын көзөмөлдөө максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы Батыш көчөсүндө жайгашкан жер аянтынын чек арасы аныкталсын.
2. Найман айыл өкмөтүнүн Батыш көчөсүндөгү келишим менен Дарманов Искендерге берилген жер аянты, келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбай калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 66-статьясынын негизинде айыл өкмөттүн балансына кайра кайтарылып алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |