Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-февралы № XI-6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө токтомунун негизинде, “Найман” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 3000306 (үч миллион үч жүз алты миң ) сомдук проектин өздүк салымына акча каражат бөлүп берүү максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Найман” балдар бакчасынын үлүштүк гранттан капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн проектин өздүк салымына 10 % же 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджет эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатты бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |