Редакцияот 26.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-марты № XII-I

Найман айылдык Кенешинин  (V чакырылышынын) XI сессиясы

 

Депутаттык мандат жөнүндө

Найман айылдык Кеңешинин №5417 Найман шайлоо округунан  шайланган депутат Пазылов Кубаныч Маликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын  31-беренесинин 7-бөлүмчөсүндө белгиленгендей  ушул эле мыйзамдын 24-беренесинин 7-бөлүмчөсүнө ылайык жыл ичинде айылдык Кеңештин сессиясына 6 жолу катышпагандыгына байланыштуу Найман айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айылдык Кеңешинин №5417- Найман шайлоо округунан шайланган депутат Пазылов Кубаныч Маликовичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүүнү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

2. Найман айылдык Кеңешинин  №5417- Найман шайлоо округунан  кийинки көп добуш алган талапкерди тактап  берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу  жагын өзүмө калтырамын.

 

Найман айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш. Эрматов