Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № XVI-1
Найман айыл өкмөтүнүн салык жана жыйымдар боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдарын колдонууга киргизүү жана айыл өкмөттүн жашоочуларынын жеңилдик алуучулар жөнүндө.
Найман айыл өкмөтүнүн жашоочуларына салыктар жана жыйымдар боюнча женилдик алуучу үй-бүлөлөрүн карап жана талкуулап Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы кожолуктардын тамарка жерлерине салык төлөөнү бир сотигине 10 (он сом)сомдон болуп бекитилсин.
2. Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салыгы 75 (жетимиш беш сом)сом болуп бекитилсин.
3. Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы Кз х 0,8 коэфициенти менен алынуусу бекитилсин.
4. Экинчи топтогу мүлк салыгы К2 х 1,0 коэфициенти менен алынуусу бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |