Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № XVI-2
Ош-Сарыташ-Эркештам автомобиль жолдор башкармалыгына Найман айыл аймагынын батыш тарабынан асфальт аралашмасын даярдоочу завод куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Ош-Сарыташ- Эркештам автомобиль жолдор башкармалыгы Ноокат районунун аймагындагы ички жолдорду асфальт аралашмасы менен камсыз кылуу максатында,Каратай участкасында иштеп турган асфальт аралашмасын даярдоочу заводду Ноокат районуна көчүрүп келүү үчүн, Найман айыл аймагынын батыш тарабынан 20 жылдык ижарага 10 га жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1 статьяларына таянып, Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош-Сарыташ- Эркештам автомобиль жолдор башкармалыгына Найман айылынын батыш тарабындагы сайдын ичиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз болгон, таштак жерден асфальт аралашмасын даярдоочу завод үчүн 10 га жер аянты 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
Асфальт аралашмасын чыгаруучу заводду куруу боюнча ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |