Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 5
Достук айылдык аймагындагы жергиликтүү салыктардын өлчөмүн калкка берилүүчү справкалардын өлчөмүн бекитγγ жөнүндө
Депутаттардын Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVI чакырылыштагы II кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын жергиликтүү салыктардын төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Малдан алынуучу салык ички жайыт үчүн алынат.
2. Бир жылга түтүн башына тазалык жыйымы 100сом
Айына суу жыйымы салыгы жан башына 5 сом
Жылына ири мүйүздүү малдарга 10 сом
Жылкы ар бир башына жылына 15 сом
Кой, эчки ар бир башына жылына 5сом
3. Мал сатуу боюнча берилүүчү справка:
Уй 5 сом Торпок 5 сом
Жылкы 5 сом Тай 5 сом
Кой 5 сом Козу 5 сом
Эчки 5 сом Улак 5 сом.
4. Калка берилүүчү справкалар:
Үй-бүлө тууралуу справка 5 сом
Жашагандыгы тууралуу справка 5сом
Менчик малы тууралуу справка 5 сом
Салыка карызы жоктугу жөнүндө справка 5 сом
Пособие алгандарга женилдик берилсин.
5. Ушул кирешелер 2013-жыл ичинде өндүрүлүп кириштелсин.
Достук айыл аймагынын Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Божокоев |