Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 7
“Баймундуз айылындагы жаны конуш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын жаңы конуш Бак көчө тургундарынын атынан түшкөн көчөгө Камалов Мурзакалдын ысымын коюп берүүнү сурап кайрылган арыздын негизинде айыл өкмөт тарабынан өткөрүлгөн айылдык жыйындын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баймундуз айылынын жаңы конуш Бак мааласинин тургундарынын (2014-ж.24.11.2014-ж. Кириш №Кл-221арызы) Чырмашов Жаныбектин үйүнөн Аликеев Муктардын көчөсүнө чейин аты коюлбаган бак көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Камалов Мурзакалдын ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин. Бул токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Агрардык саясат, азык-түлүк, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |