Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 8
“№8 Карача орто мектебинин ысымын өзгөртүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын тургундарынан жана №8 Карача орто мектебинин мугалимдер жамаатынан келип түшкөн №8 Карача орто мектебинин ысымын эмгек ветераны, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Карача айылынын тургуну маркум Сулайманкулов Жоробектин атына ыйгаруу жөнүндөгү арызы боюнча өткөрүлгөн Карача айылындагы жалпы айылдык жыйындын протоколу жана мектеп коллективинин протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карача айылындагы №8 Карача атындагы орто мектебинин ысымын Карача айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгек ветераны маркум Сулайманкулов Жоробектин атына ыйгарылсын .
2. Мектептин тазалыгына , ремонт иштерине жана ысымды ыйгаруу документтик иштерине жакындан жардам көрсөтүү маркум Сулайманкулов Жоробектин уулу Сулайманкулов Таласка милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Агрардык саясат, азык-түлүк, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |