Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 9
“Долбоордон утуп алган акчаны чыгымдоо жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чындоо боюнча мамлекеттик агенттигинин чакан гранттар программасынан “Электр энергия жакшы жашоонун башаты” долбоорунан утуп алган 407,4 мин сомдун жергиликтүү бюджеттин атайын каражатка кириштөө жана чыгымдоо жөнүндөгү Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылындагы жаны курулган балдар бакчасы жаны конуштун жанына курулгандыктан, ал жерге трансформатор орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чындоо боюнча мамлекеттик агенттигинин чакан гранттар долбоорунан утуп алган 407,4 мин сомду жергиликтүү бюджеттин 3112-статьясынан чыгымдалсын .
2. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражатынын 3111- статьясынан 108,7мин сом кыскартылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражатынын 3112-статьясына 108,7мин сом көбөйтүлсүн.
4. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |