Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры № XXIII-1
Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564700 сом калдык акчаны бөлүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564700 сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564700 сом калдык акча төмөндөгү тармактарга:
1) башкаруу аппаратына- 85 300 сом
2) маданият бөлүмүнө- 110 600 сом
3) эл агартуу бөлүмүнө- 230 000 сом
4) таза сууга- 138 800 сом
анын ичинен:
-башкаруу аппаратына-30900 сом
-маданият бөлүмүнө- 2200 сом
-эл агартуу бөлүмүнө- 10570 сом , жалпысы 138800 сом бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатты бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматисаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ш. Сапарова |