Редакцияот 29.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын)II заседаниесинин

 

2012-жылдын 29-декабры № II-1

Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоо жана бекитүү максатында Найман айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын V чакырылышынын II заседаниесинин протоколунун жана айылдык Кеңештин депутаттарынын ачык добушунун негизинде Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Эрматов Шербай Аманович шайлансын.

2. Шайланган депутаттардын төрагасына айылдык Кеңештин сессияларын өз убагында жана мыйзам чегинде өткөрүп туруу милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, Кеңештин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ш. Сапарова