Редакцияот 09.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ  

 

Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) IV заседаниеси

 

2013-жылдын 9-февралы № IV-1

Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясын шайлоо жөнүндө

Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссия курамын  шайлоо жана бекитүү максатында  Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын V чакырылышынын IV заседаниесинин протоколунун  жана айылдык Кеңештин депутаттарынын ачык добушунун негизинде Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссия курамы шайлансын.

2. Шайланган туруктуу комиссия курамыны мүчөлөрү өз милдеттерин так,туура аткаруусу милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Найман айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Мадимаровага тапшырылсын.

 

Найман айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш. Эрматов