Редакцияот 05.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык Кенешинин кезектеги (V чакырылышынын) V заседаниеси

 

2013-жылдын 5-марты № V-7

Билим берүү тармагындагы эмгек акынын такталган лимитине жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүндөгү билим берүү тармагындагы эмгек акынын такталган лимитине жергиликтүү бюджеттен 58300 сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Найман айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Билим берүү тармагындагы эмгек акынын такталган лимитине жергиликтүү бюджеттин 71092 бөлүмүнүн 2721 статьясынан 9 000 сом жана 70921 бөлүмүнүн 3112 статьясынан 49 300 сом, жалпы 58300 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматисаевге тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Найман айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш. Эрматов