Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) VIII заседаниясы
2013-жылдын 20-сентябры № VIII-5
Ноокат районунун аймагындагы өзгөчө маанилүү обьекттерди коргоо үчүн түзүлгөн өзүнчө резервдик ротаны кийим-кече менен камсыз кылуу жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан келген 2013-жылдын 26-августундагы № 59 токтомунун негизинде Ноокат районунун өзүнчө резервдик ротасы өзгөчө кырдаалдарда жана согуш учурунда Ноокат районундагы өзгөчө маанилүү обьектилерди коргоого жана Ноокат районунун калкынын тынчтыгын сактоону камсыз кылууга багытталган. Өзүнчө резервдик ротага алдын ала дайындалган 118 аскерге милдеттүүлөрдү материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында Найман айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Берилген сметанын негизинде резервдик ротанын кийим-кечесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |