Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) VIII заседаниясы
2013-жылдын 20-сентябры № VIII-4
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептеринин ашканасын керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептеринин ашканасын керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу максатында:
1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Найман»жана «Улуу Тоо» мектептеринин ашканасына керектүү жабдыктары үчүн калдык акчадан 55 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |