Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) VIII заседаниясы
2013-жылдын 20-сентябры № VIII - 3
Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылдын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын жыл башында бюджетин бөлүү мезгилинде Найман айыл өкмөтүнүн 701 бөлүмүндөгү ажаатканага каралган акча каражаты 70629 бөлүмүнө коюлуп калганына байланыштуу,сметага өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын каралган сметасындагы 70629 бөлүмүнүн 2215 статьясынан 701 бөлүмдүн 3111 статьясына 29600 сом акча каражаты жылдырып берүү жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2. Сметага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документ иштерин алып баруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Балтабаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |