Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) VIII заседаниясы
2013-жылдын 20-сентябры № VIII-2
Найман айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерди өрткө каршы күрөшүү үчүн каражаттар менен камсыз кылуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүүчү мекмелерин өрткө каршы күрөшүүдө колдонулуучу каражаттар,огнетушитель комплеги менен камсыз кылуу максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү мекемелери өрткө каршы күрөшүү каражаттары менен камсыз кылынсын.
2. Каражаттарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин калдык акчасынын эсебинен 32 000 (отуз эки мин)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |