Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) IX заседаниясы
2013-жылдын 20-декабры № IX -1
Найман айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен КР ЖК нын 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген кайра бөлүштүрүү жерлеринен ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү жобосуна КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып айыл өкмөттүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө 2013-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 50 га кайрак жер фондунун жерлери бар анын ичинен 3 га жер жол болуп эсептелет. Ошол фонддун жерлери Улуу Тоо участкасында жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин туура пайдалануу жана абалын жакшыртуу жана КР ЖК нын мыйзам чыгаруу жыйыны бекиткен кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы 1977-III жобосуна ылайык аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин КР ЖК нын мыйзам чыгаруу жыйынында бекитилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III талабына ылайык ижарага берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 1 га жердин баштапкы баасы соц.фонд взносторун жер салыгын кошуп эсептегенде 426 сом өлчөмүндө эсептелет.
4. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүудөн алдың ижарага алуучу ижара акысынын 20٪ пайызын алдын ала төлөөсү милдеттендирилсин.
5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү айыл өкмөтүнүн фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |
| Найман айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 20-декабрындагы V чакырылышынын IX заседаниесинин №IX-1 токтомуна тиркеме |
Найман айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы :
1. Р.Шамаева - комиссиянын төрайымы
2. Н.Абдиев - комиссия мүчөсү
3. А.Тешебаев - комиссия мүчөсү
4. Д.Таирова - комиссия мүчөсү
5. К.Байбалаев - комиссия мүчөсү
6. М.Курмушиев - комиссия мүчөсү
7. А.Тешебаев - комиссия мүчөсү