Редакцияот 08.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Халмион айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыш кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2013-жылдын 8-февралы № 3/1

Халмион айылдык Округунун Жошук айылында жайгашкан № 12 «Жошук» орто мектебине маркум, полковник Юсупов Маматтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Халмион айылдык Округунун Жошук айылынын тургундарынын 2012-жыл 28-октябрындагы, Жаны-Айыл айылынын тургундарынын 2012-жыл 28-октябрындагы, Чекелик айылынын тургундарынын 2012-жыл 30-октябрындагы жалпы чогулуштарынын токтомдорунун жана Халмион айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 05.02.2013-жылдагы сунушун талкуулап чыгып Халмион айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Халмион айылдык Округунун Жошук айылында жайгашкан № 12 «Жошук» орто мектеби «Юсупов Мамат атындагы № 12 Жошук орто мектеби» деп аталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо Халмион айылдык округунун башчысы Л. Рахматиллаевке милдеттендирилсин.

 

Халмион айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Д. Сиддиков