Редакцияот 03.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-декабры № 5

Боо-Терек айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы №41 кесиптик лицейдин директору К.Осмонбековдун кайрылуусун угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылындагы №41 кесиптик лицей жайгашкан көчө “Шоро”көчөсү деп аталсын.

2. Ошол көчөдө жайгашкан турак-жайларга “Шоро” деген жазуусу бар табличкаларды илүү жагы демилгелүү топко тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Боо-Терек айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А. Алымкулова