Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-декабры № 6
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген планына кошумча киргшүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги XX сессиясы Боо-Терек айьш өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген планына кошумча киргизүү боюнча ФЭБ башчысы А.Мамбетованын маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын ОсОО "Алтын Кумуштак Майнинг" ишканасынан айыл өкмөтүнүн социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө демөөрчү катары 100.0 мин сом (жүз миң), киреше булактарынын: жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүү түрүнө, төлөм коду 14511400 болуп түшкөн.
Жогорудагы аталган киреше булактарынын эсебинен 11 айдын жыйынтыгы менен бекитилген бюджеттин жылдык планынан ашкандыгына байланыштуу, 2014- жылдын такталган планына 100,0 миң сом кошумча план киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жылдык такталган планын 100,0 миң сомго көбөйтүү менен тактоо киргизип берүү жагы Каржы Министрлигинен суралсын.
3. 2014-жылдын чыгымдар сметасындагы "Билим берүү" бөлүмүнүн 3112 "Машиналар жана жабдуулар" статьясынын 4-кварталынын чыгымдары 100.0 мин сом (Жүз миң) менен мектептин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн, кошумча смета түзүлүп жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Алымкулова |