Редакцияот 08.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 8-октябры № 14/3

Аксакалдар соту, Жаштар уюму, Аялдар Кеңеши жана көчө комитеттеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө

Чолпон айыл аймагынын айыл окмотунун аймагындагы Аксакалдар соту,Жаштар уюму,Аялдар Кеңеши жана көчө комитеттеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө айылдык Кеңештин “Депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын” төрайымы Сыдыкова Чолпондун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Депутаттардын Чолпон   айыл аймагынын айылдык  Кенеши токтом кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аксакалдар соту,Жаштар уюму,Аялдар Кеңеши жана көчө комитеттеринин жүргүзгөн иштери  учурдун талабына жооп бербей жаткандыгы белгиленсин.

2. Аксакалдар соту,Жаштар уюму,Аялдар Кеңеши жана көчө комитеттеринин жүргүзгөн иштерин жандандыруу,жакшыртуу жагы айыл өкмөт башчысы КБукаровго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Коомдук уюмдарынын жана көчө комитеттерининмындан аркы аткарыла турган иштерин көзөмөлдөө “Депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Акматов