Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-ноябры № 15/3
Райондук “Ардактуу атуулу” наамына талапкер сунуштоо жөнүндө
Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына талапкер сунуштоо боюнча Чолпон айылдык Кенешинин төрагасы Б.Акматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук “Ардактуу атуулу” наамына Эпкин айылында төрөлгөн, Бишкек шаарынын тургуну, тарых илиминин доктору, профессор Акунов Аалыбектин талапкерлиги Райондук депутаттардын кошмо жыйынына сунушталсын.
Төрага | Б. Акматов |