Редакцияот 24.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2014-жылдын 24-декабры №  16/2

“Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө”

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 3 протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Н. Курбанов бекитилсин.

2. Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Э. Нишанбаев бекитилсин.

3. Жаңы шайланган депутаттар Мусаев Ойбек Анварбекович Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын, Турдуев Шухратбек Хабибуллаевич «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын, Накыев Сейитбек Талайбекович «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

Өзгөн шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

А. Насиров