ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 24-декабры № 16/3
“Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө”
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын» маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жетишсиз деп табылсын жана жүргүзүп жаткан иштеринде кемчиликтердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовко милдеттендирилсин:
- Өзгөн шаарынын генералдык планын жаңылоо максатында 2015-жылга карата шаардык бюджеттен жетиштүү акча каражатынын булактарын аныктап, бөлүп берүү жагы;
- шаардын чек арасын жана 9 га жердин статусун архитектура башкармалыгы менен биргеликте тактоо иштерин күчөтүү жагы.
3. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ж. Маткасымовко милдеттендирилсин:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2015-жылдын 1-апрелине карата шаардык Кеңешке маалымат берүү жагы;
- шаардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү;
- Өзгөн шаарынын облигин оңдоо;
- акы төлөп кызмат көрсөтүү боюнча бааларды шаардыктардын жашоо-шартына ылайыктоо;
- шаардагы автотыгындарды азайтуу боюнча 2015-жылдын 1-февралына чейин шаар мэриясына сунуш берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын шаардык Кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасы |
А. Насиров |