ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 24-декабры № 16/4
“Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 822 катынын негизинде шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин сапардык чыгымдарына кошумча каражат бөлүү жөнүндө”
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы отурумунун № 6 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин сапардык чыгымдарына кошумча 61,8 миң сом каражат мэриянын макулдугу менен берилсин.
2. Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жана каражаттарды максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасы |
А. Насиров |