Редакцияот 04.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 4-декабры № 9/1

“Чалма айыл Өкмөтүнүн башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө”

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 48-49-беренесинин жана «Айыл Өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө Жобонун» талаптарына ылайык айыл окмот башчылык кызматына сунуш кылынган талапкерлерди талкуулап коруп, Чалма айылдык округунун айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чалма айыл Өкмөтүнүн башчылык кызматына талапкерликке томондогулор корсотулсун:

1. Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевич- 25.09.1960-жылы туулган, билими бутпогон жогорку, кесиби инженер-технолог, дыйкан чарбасында жетекчилик кызматта 12 жыл стажы бар. Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагында 1960-жылдан бери жашаган, азыркы учурда жеке чарба жургузуучу болуп иштейт.

2. Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевич- 19.09.1974-жылы туулган, билими жогорку, кесиби мугалим, муниципиалдык кызматта 6 жыл стажы бар, мугалимдик кызматта 16 жыл стажы бар. Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагында 1974-жылдан бери жашаган, азыркы учурда М.Абакиров атындагы орто мектебинин кыргыз тил мугалими болуп эмгектенет.

3. Кадыркулов Абдырасул Акасович- 30.03.1968-жылы туулган, билими жогорку, кесиби мугалим, муниципиалдык кызматта 1 жыл стажы бар, мугалимдик кесипте 21 жыл эмгек стажы бар. Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагында 1968-жылдан бери жашаган, азыркы учурда М.Абакиров атындагы орто мектебинде окуу болумунун башчысы болуп эмгектенет.

4. Париев Эрнуст Сайдимаматович-06.03.1958-жылы туулган, билими жогорку кесиби юрист, муниципиалдык кызматта 6 жыл стажы бар. Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагында 1958-жылдан бери жашаган, азыркы учурда Кара-Кулжа районундагы № 29-кесиптик окуу жайында директордун орун басары болуп эмгектенет.

5. Ибраим уулу Уланбек-23.06.1978-жылы туулган, билими жогорку, кесиби инженер-электрик, муниципиалдык кызматта 7 жыл стажы бар. Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагында 1978-жылдан бери жашаган. Азыркы учурда Чалма айыл Өкмөтүнүн турак жай, коммуналдык чарба жана озгочо кырдаалдар боюнча башкы адис болуп эмгектенет.

6. Бул токтом Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жонотулсун.

 

Чалма айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кадыркулов