Редакцияот 18.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы

 

2013-жылдын 18-декабры № 10/1

“Чалма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын № 1 жана № 2-протоколдору жөнүндө”

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 49-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык Чалма айылдык округунун айылдык Кеңеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Чалма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын № 1-жана № 2-протоколдору эске алынсын, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ибраим у Уланбек шайланды деп эсептелсин.

Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ибраим у.Уланбек шайлангандыгына байланыштуу мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы Жорубаева Сулуукан Токтобековнанын ыйгарым укугу токтотулсун.

 

Чалма айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кадыркулов