Редакцияот 26.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Терек айылдык Кеңешинин XI сессиясы

 

2013-жылдын 26-декабры № XI/6

“Мыктыбеков Съездбектин Кырдама участкасынан мал бакканга там, короо салууга жазган арызын карап”

Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кырдама участкасындагы № 2961 контурундагы эски сарайдын ордуна мал багуу үчүн там, короо салууга Мыктыбеков Съездбекке 0,04 га жер аянты «Кыргызгипрозем» долборлоо институтунун аныктамасынын негизинде бөлүнүп берилсин.

2. Жер участогуна болгон укугун каттоодон өткөрүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.

 

Терек айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ж. Ажиева