Редакцияот 26.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Терек айылдык Кеңешинин XI сессиясы

 

2013-жылдын 26-декабры № XI/5

“Жаманов Тарастын Кыдыралы-Коо участкасынан мал бакканга там, короо салууга жазган арызын карап”

Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыдыралы-Коо участкасындагы № 2882 контурундагы эски жер төлөөнүн ордуна мал багуу үчүн там, короо салууга Жаманов Тараска 0,04 га жер аянты «Кыргызгипрозем» долборлоо институтунун аныктамасынын негизинде бөлүнүп берилсин.

2. Жер участогуна болгон укугун каттоодон өткөрүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.

 

Терек айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ж. Ажиева