Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 17-июну N 58
Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө
(КР 2003-жылдын 28-февралындагы N 48, 2003-жылдын 1-августундагы N 168, 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2021-жылдын 18-июнундагы № 72, 2025-жылдын 1-августундагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү иондоштуруучу нурлануу булактарынын зыяндуу таасиринен коргоо жагындагы укуктук мамилелерди аныктайт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөрдүн аныкталышы
Ушул Мыйзамдын статьяларында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
калктын радиациялык коопсуздугу (мындан ары - радиациялык коопсуздук) - адамдардын азыркы жана келечек муундарынын, айлана-чөйрөнүн иондоштуруу нурлануунун зыяндуу таасиринен корголушунун абалы. Радиациялык коопсуздук адамдын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана укуктук, уюштуруучулук, инженер-техникалык, санитардык-гигиеналык, медициналык, тарбиялык жана билим берүү мүнөзүндөгү чаралардын комплексин ишке ашыруунун эсебинен камсыз кылынат;
иондоштуруучу нурлануу - радиоактивдүү бөлүнүү, ядролук өзгөрүү, заттардагы нурланган бөлүкчөлөр токтогон учурда түзүлүүчү нурлануу жана ал чөйрө менен өз ара аракеттенгенде ар кандай белгидеги иондорду пайда кылат;
табигый радиациялык фон - иондоштуруучу нурлануунун дозасы, ал космостук нурлануунун жана табигый бөлүнгөн жаратылыш радионуклиддеринин нурлануусунун аркасында жерде, сууда, тамак-аш азыктарында, биосферанын башка элементтеринде жана адамдын организминде пайда болот;
техногендик жактан өзгөрүлгөн радиациялык фон - адамдын иш-аракетинен улам өзгөрүлгөн табигый радиациялык фон;
радионуклиддер - энергиянын гамма-кванттар, электр менен заряддалган бета бөлүкчө же альфа бөлүкчө, же нейтрондор түрдө бөлүнүп чыгышынан улам ядросу өз алдынча түшүп калуучу атомдор;
натыйжалуу доза - радиосезимталдыгын эске алуу менен адамдын бүткүл жана анын айрым органдарынын нур алышынын соңку кесепеттери келип чыгышынын тобокелдик өлчөмү катары колдонулуучу нурлануунун иондошкон таасиринин чоңдугу;
радиоактивдүү булгануу - жеке дозасы жылына 0,001 зиверттен ашуун нурланууга алып келүүчү мүмкүн болгон техногендик радионуклиддердин айлана-чөйрөдө болуусу;
иондошкон нурланууга туштугуу - иондоштуруучу нурлануунун биологиялык объектилерге таасири, ал организмден тышкары турган булактардагы тышкы таасир этүүдөн же анын организмине кирген булактардагы ички таасир этүүдөн болушу мүмкүн;
санитардык-коргоо зонасы - аталган булакты тийиштүү шартта адамдардын нурлануу деңгээлинде иштетип, пайдалануу калк үчүн нурлануу дозасынын белгиленген чегинен ашып түшүүсү мүмкүн болгон иондошкон нурлануу булагынын айланасындагы аймак. Санитардык коргоо зонасында адамдардын туруктуу жана убактылуу жашоосуна тыюу салынат, чарба иш жүргүзүү режимин чектөө киргизилет жана радиациялык контроль жүргүзүлөт;
байкоо жүргүзүү зонасы - санитардык коргоо зонасынын чегинен тышкары жердеги радиациялык контроль жүргүзүүчү аймак;
кызматкер - иондоштуруучу нурлануунун булактары менен түздөн-түз туруктуу же убактылуу иштеген адам;
радиациялык кырсык - иондоштуруучу нурлануунун булагын башкарууну колдон чыгаруу, ал жабдуунун бузуктугунан, кызматкердин (персоналдын) туура эмес иш-аракетинен, жаратылыш кырсыктарынан же башка себептерден улам келип чыгат, булар адамдардын демейдегиден башкача нурлануусуна же айлана-чөйрөнүн чегинен ашыкча радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн же алып келет.
иондоштуруучу нурлануунун булагы - иондоштуруучу нурланууну чыгаруучу же чыгарууга жөндөмдүү болгон зат же түзүлүш;
мониторинг - адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкарууга алынган чечимдерди негиздөө үчүн жумуш орундарында да, ошол сыяктуу эле айлана-чөйрөдө да радиологиялык жана башка параметрлерге туруктуу же мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү тутуму;
иондоштуруучу нурлануунун булактары, радиоактивдүү заттар жана калдыктар менен иштөө - иондоштуруучу нурлануунун булактарын, радиоактивдүү заттарды жана калдыктарды пайдалануу, ташуу, сактоо, көмүү менен байланышкан иш, ошондой эле мыйзам актыларында каралган иондоштуруучу нурлануунун булактары менен байланышкан иштин башка түрлөрү;
радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - радиациялык жана ядролук коопсуздукту, радиоактивдүү калдыктардын коопсуздугун жана радиоактивдүү заттарды ташуу коопсуздугун жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат.
(КР 2025-жылдын 1-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2025-жылдын 1-августундагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу принциптери
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
нормалоо принциби-иондоштуруучу нурлануунун бардык булактарынан жарандардын нурланышынын жекече дозасынын жол берилген чегинен ашпоо;
негиздөө принциби-адам жана коом үчүн алынган пайда табигый радиациялык фонго кошумча нурлануудан улам келтирилген мүмкүн болгон зыяндын тобокелинен ашпаган учурда иондоштуруучу нурлануунун булактарын колдонуу боюнча иштин бардык түрлөрүнө тыюу салуу;
ылайыктуулук принциби-экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен иондоштуруучу нурлануунун ар кандай булагын колдонууда нурлануунун жеке дозасын жана нурланып жаткан адамдардын санын мүмкүн болушунда төмөн жана жеткиликтүү деңгээлде кармоо;
ачыктык принциби-калк жашаган аймакта иондоштуруучу нурлануу, ошондой эле болгон радиациялык кырсыктар жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү.
2. Радиациялык кырсык учурунда калктын радиациялык коопсуздук системасы төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча болжолдонгон иш-чаралар зыянга караганда пайданы көбүрөөк алып келүүгө жана толук болууга тийиш;
радиациялык кырсыктын залалдарын жоюу боюнча иштердин түрлөрү жана масштабы аталган иш келтире турган зыянды кошпогондо иондоштуруучу нурлануунун дозасын азайтуудан алынган пайда максималдуу болгудай жүзөгө ашырылышы керек.
4-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар
Радиациялык коопсуздук төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, санитардык-гигиеналык, медициналык алдын алуу, тарбиялоо жана билим берүү мүнөзүндөгү иш-чаралардын комплексин жүргүзүү менен;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жактар жана жарандар радиациялык коопсуздук жагынан эрежелерди, нормаларды жана нормативдерди сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышы аркылуу;
радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан калкты окутуу жана ага радиациялык кырдаал жөнүндө маалымдоо менен.