Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
2014-жылдын 29-августу № 8/2
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы көрүстөндө башка жактан келген атуулдарды коюуудагы талаптар жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы көрүстөнгө башка жактан келген атуулдарды коюууда ар кандай себептер менен баш аламан болуп жаткандыгына байланыштуу ирээтке келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы көрүстөнгө маркумдарды коюуда Дөбөлү айыл өкмөтүнүн талаптарын аткарып, уруксаат алышсын, уруксаат үчүн 3000( үч миӊ) акы алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбекке милдеттендирилсин.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |