Редакцияот 10.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ОН БЕШИНЧИ СЕССИЯСЫНЫН  (V ШАЙЛАНГАН)  ЖЫЙНАЛЫШЫНЫН ТОКТОМУ .

10-май  2014-жыл № 15/ 2

Учурдагы иштер жана алдыдагы кечиктирилгис милдеттер жонундо

Чалма айыл окмотунун башчысы Ибраим уулу Уланбектин «учурдагы иштер жана алдыдагы милдеттер жонундогу» билдируусун угуп жана талкуулап, Чалма айылдык округунун айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токбай-Талаа айылынын жашоочуларынын окулдорунун  25-апрель  2014-жылдагы чогулушунун № 3-токтому  менен  белгиленген сугат суусун пайдалануу боюнча,  малдарды кайтаргандыгы учун белгиленген толомдордун жана эгин аянттарына малдардын тушуп, тепсендиге учуратып зыян  келтирген  мал ээлерине белгиленген  жазана чараларынын олчомдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Чалма айылдык округунунун айылдык Кенештин социалдык-маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, инвестиция тартуу, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (торагасы Б.Абдыразаков) жана агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо, курулуш транспорт, оноржай, соода¸ишмердуулук байланышы, энергетика, кайра  иштетуу боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы А.Максутов) тапшырылсын.

 

Чалма айылдык округунун

 айылдык Кенешинин торагасы

 

А.Кадыркулов

 

 

 

Чалма айылдык округунун айылдык Кенешинин кезектеги он бешинчи жыйналышынын (V шайланган) заседаниесинин 0-май 2014-жылдагы № 15/2-токтомуна тиркеме.

 

Токбай-Талаа айылынын жашоочулары тарабынан сугат суусун пайдалангандыгы, малдарды кайтаргандыгы учун белгиленген толомдордун, эгин аянттарына  малдары тушуп, тепсендиге учуратып зыян келтирген мал ээлерине белгиленген жазана чараларынын олчомдору:

1. Сугат сууну пайдалангандыгы  учун ар бир саатына мурабка – 30 (отуз) сомдон акы толоо, сууну  м ураптын уруксаты жок буруп алган жарандарга 500 сом олчомундо толотуу  жазана   чарасы  белгиленсин.

2. Малдарды  жайлоого чыгарууда пада уюштурулуп мал баккан адамдарга (падачыларга) ар бир жандык учун бир айына 80 сомдон, ал эми  бодо  малды кайтаргандыгы учун  400 сомдон кайтаруу  акысын толоо белгиленсин.

3. Малдарды  жайлоого  кочуруу  мооноттору:

 - Эшей-орчун, Бакуулу, Таздар жамааттарында малдарды жайлоого кочуруу мооноту - 5 майга  чейин;

-          Конурат, Жалчыман, Эшуулу, Нокой жамааттарында малдарды жайлоого  кочуруу  мооноту-  10-майга чейин;

 -  Малдарды жайлоодон кочуруп келуу мооноту - 1-сентябрдан  эрте эмес;

-          белгиленген мооноттон  кечигип кочпой жана  белгиленген убакыттан эрте  кочуп  келип алып Эгин  жана чоп орунду аянттарына  малдарын  тушуруп зыян келтирген  мал ээлерине зыяндын ордун толтуруу менен  жандык мал учун  ар бир башына 50 сомдон, бодо малга 500 сомдон жазана  толотуп алуу  белгиленсин.

 

Чалма айылдык округунун

айылдык Кенешинин катчысы

 

М. Айдаралиев