Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-ноябры № 24/85
Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын № 4–орто мектебинин 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 44,2 миң сом кыскартылып, 22331100 “Жылуулука төлөмдөр” статьясына 44,2 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын № 2–орто мектебинин 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 38,0 миң сом кыскартылып, 22331100 “Жылуулука төлөмдөр” статьясына 38,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” IV кварталынан 311 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 60,0 миң сом кыскартылып, шаардык кенештин 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 60,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 22211100 «Учурдагы оңдоо» статьясынан 125,0 миң сом кыскартылып, 2.2.1.1. «Сапардама» статьясына 105,0 миң сомго жана 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясына 20,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
5. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 3111 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 30,0 (отуз) миң сом кыскартылып, шаардык кеңештин 22156900 “Башка чыгымдар” статьясына 30,0 (отуз миң) сомго көбөйтүлүп берилсин, 3112 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 14,4 миң сом кыскартылып, 2221 “Учурдагы оңдоо» статьясынан 10(он) миң сом кыскартылып, 2214 “Транспортук чыгымдар” статьясына 24400(жыйырма төрт миң төрт жүз) сомго көбөйтүлүп берилсин.
6. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 3112 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 120,0 миң сом кыскартылып, 2212 “Сапардама чыгымдар” статьясына 80,0 миң сомго жана 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясына 40,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
7. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 3112 “Машиналар жана жабдыктар” статьясынан 1800,0 миң сом кыскартылып, 3111 “Имарат жана курулуш куруу” статьясына 1800,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
8. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 311 «Активдер жана милдеттемелер» статьясынан 30,0 миң сом кыскартылып, шаардын Токтогул атындагы №6–орто мектебинин 2221 «Учурдагы оңдоо чыгымдар» статьясына 30,0 мин сомго котельнойын ремонттоо үчүн көбөйтүлүп берилсин.
9. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 311 «Активдер жана милдеттемелер» статьясынан 20,0 мин сом кыскартылып, шаардын Д.Карбышев атындагы №1–орто мектебинин 2221 «Учурдагы оңдоо чыгымдар» статьясына 20,0 миң сомго котельнойын ремонттоо үчүн көбөйтүлуп берилсин.
10. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 311 «Активдер жана милдеттемелер» статьясынан 20,0 миң сом кыскартылып, шаардын Ч.Айтматов атындагы №5–орто мектебинин 2221 «Учурдагы оңдоо чыгымдар» статьясына 20,0 миң сомго ремонт учурунда калган карызын төлөө үчүн көбөйтүлүп берилсин.
11. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн атайын каражатынын 2014–жылдын III кварталынан 22156900 «Башка чыгымдар» статьясынан 10,0 миң сом кыскартылып, 22321100 «Электр энергияга төлөмдөр» статьясына 10,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
12. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 25121100 «Субсидии» статьясынан 35,0 миң сом кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 2214 «Транспорттук чыгымдар» статьясына 35,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
13. Кызыл–Кыя шаардык кенешинин 3.1.1. «Активдер» статьясынан 34,0 миң сом, 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясынан 30,0 миң сом жана 22211100 «Учурдагы оңдоо» статьясынан 20,0 миң сом кыскартылып, 2.2.1.1. «Сапардама» статьясына 84,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
14. Кызыл–Кыя шаардык дене–тарбия жана спорт бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан 50,0 миң сом, маданият бөлүмүнүн 3.1.1. «Активдер» статьясынан 10,0 миң сом, 22211100 «Учурдагы оңдоо» статьясынан 79,0 миң сом кыскартылып, маданият бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 70,0 миң сомго, 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статьясына 60,0 миң сомго жана 2211 «Сапардама» статьясына 69,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
15. Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын 22211100 «Учурдагы оңдоо» статьясынан 25,0 миң сом кыскартылып, 2.2.1.1. «Сапардама» статьясына 25,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
16. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 25121100 «Субсидии» статьясынан 90,0 миң сом кыскартылып, 2.2.1.1. «Сапардама» статьясына 30,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
17. Кызыл–Кыя шаарынын №10–орто мектебинин 22122100 “Байланышка чыгымдар” статьясынан 8,0 миң сом кыскартылып, 22152100 “Коммуналдык чыгымдар” статьясына 8,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
18. Кызыл–Кыя шаардык дене–тарбия жана спорт комитетинин 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан 58,0(элүү сегиз) миң) сом кыскартылып, шаардын жаштар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2211 “Сапардама чыгымдар” статьясына 58,0(элүү сегиз) миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
19. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |