Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-ноябры № 24/86
Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2014–жылдын 10–ноябрындагы №438 кайрылуу катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык шаардык билим берүү бөлүмүнүн 14235800 “Атайын каражаттар” статьясынын киреше бөлүгүнүн планы 1700,0 миң сомго кыскартылсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 14235800 “Атайын каражаттар” чыгашасынын 2218 «Тамак аш азыктарын сатып алуу” статьясы 1700,0 миң сомго кыскартылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |