Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-ноябры № 24/87
Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетинин 2014–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, “Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетинин 2014–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышын бекитүү жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетинин 2014–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы 97072,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 93847,6 миң сом өлчөмүндө өгзгөртүүлөр жана толуктоолор менен аткарылгандыгы бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |