Редакцияот 21.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII-сессиясы

 

2015-жылдын 21-январы № 18/5

Корул айылдык Кеңешинин Тогуз-булак айылынын депутаты Осмонов Алмазбек Абилаковичтин арызын канааттандыруу боюнча

Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айылдык Кеңешинин жети мандаттуу Тогуз-Булак учаскасынын депутаты Осмонов Алмазбек Абилаковичтин өз арызынын негизинде мамлекеттик кызматка кетип, депутаттык мандатын бергендигине байланыштуу, депутаттык мандаты бүгүнкү күндөн баштап токтотулсун.

2. Жети мандаттуу Тогуз-Булак шайлоо учаскасынын көп добуш алган кезектеги кандидатты тактап берүү жагы, Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Корул айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Маназаров