Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-ноябры № 17/6
Айыл өкмөтүндө аз камсызболгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чегерүүнү кыскартуу боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон үй- бүлөөлөргө мыйзам чегинде жөлөк пул чегерүү каралып, жөлөк пул алуучулардын саны кыскартылсын.
2. Аз камсыз болгон үй -бүлөөлөргө жөлөк пул чегерүү жөнүндөгү мыйзамдар боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Сулайманкуловго сунушталсын жана Корул айыл өкмөтүндөгү инспектору А.Жумаевага милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн тургундарынын автоунаалары жана соода түйүндөрү бар жарандарды тактап, каттоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Оморов Таштемирге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жааматтар жана граждандык коом менен иштөө, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|